Кыргызстанда скутерлер жана мопеддер боюнча эрежелер жана жоболор жыл аягына чейин кабыл алынат

Кыргызстанда скутерлер жана мопеддер боюнча эрежелер жана жоболор жыл аягына чейин кабыл алынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков Жогорку билдирди.

 

Анын айтымында, учурда ведомство жергиликтүү бийлик менен биргеликте мопед, скутер жана самокаттар үчүн эрежелер корутундусун иштеп чыгууда.

 

Эске салсак, шаар тургундары самокат тепкендерге байма-бай даттанып келишсе, соңку мезгилде скутердин катышуусу менен өлүмгө алып келген жол кырсыктары катталып жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.