Кыргызстанда товардын акчасын кайтаруудан баш тарткандарга айыпты үч эсе көбөйтүү каралууда

 

Кыргызстанда товардын акчасын кайтаруудан баш тарткандарга айыпты үч эсе көбөйтүү каралууда. Экономика министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорду парламентке киргизди.

 

Документке ылайык, кепилдик берилген тейлөө мөөнөтүнөн жана сапатсыз товарды алмаштыруудан баш тарткан жеке жактар үчүн айып пул 15 миң сом, юридикалык жактарга 51 миң сомду түзөт.

 

Ал эми өлчөөдөн, эсептөөдөн алдаган жеке жактар 16,5 миң сомго, юридикалык жактар 51 миң сомго айыпка жыгылат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.