“Унаа” мекемеси транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо тутуму маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап жатканын билдирди

“Унаа” мекемеси транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо тутуму маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап жатканын билдирди.

 

Учурда анын себебин аныктоо иштери жүрүп жатат. Андан улам жарандарга каттоо бөлүмдөрүнө баруудан мурда 0999 809 877 номери аркылуу алдын ала маалымат алуу сунушталат.

 

Белгилеп кетсек, жыл башынан бери “Унаанын” каттоо системасы бир канча жолу үзгүлтүккө учураган.