Бишкекте таштандыларды сорттоочу заводдун курулушу эрте жазда башталат. Мэриянын маалыматына караганда, бул мезгилге капсула салуу пландалууда.
Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу аяктоо стадиясында турат. Заводдун курулушу бир жарым жылга жакын убакытты алат.
Долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кытайлык компания менен кол коюлган.