Кыргызстанда жети айда банктардын кирешеси  17 миллиард 979 миллион сомду түздү

Кыргызстанда жети айда банктардын кирешеси  17 миллиард 979 миллион сомду түздү. Улуттук банктын маалыматы боюнча, июлдун соңуна карата өлкөдө  21 коммерциялык банк иштейт. 2023-жылдын январь-июль аралыгында банк сектору 14 миллиард 79,5 миллион сом киреше алган.

 

Жыл ичинде банктардын кирешеси рекорддук көрсөткүчкө — 24 миллиард 237 миллион сомго жеткен.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.