ЕАЭБ: кымбаттоо эң көп Казакстан менен Кыргызстанда катталды

Быйыл ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы эң көп Казакстан менен Кыргызстанда катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады.

 

2023-жылдын ноябрындагы баалар 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу Казакстанда 8,9%га, Кыргызстанда 6,9%га, Россияда 6,6%га жана Беларуста 4,9%га өскөн. Арменияда тескеринче 1,5% арзандоо жүргөн.

 

Казакстанда азык-түлүк товарлары жана тейлөө кымбаттаган. Кыргызстанда азык-түлүк эмес товарлар жогорулаган.