Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи турунда 14 миңден ашык абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.
I турда жалпысынан 30 миң 246 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга 11 миң 334, контрактык негизде окууга 18 миң 912 талон түшкөн. Кечээ, 22-июлда абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун экинчи туру башталган. Арыздарды кабыл алуу 24-июлда аяктайт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.