Кыргызстанда бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу эми ата-энелердин эсебинен ишке ашырылат. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, тиешелүү чечим «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 11-августта кабыл алынган жаңы редакциясы менен шартталат. Бирок бул кандай ишке ашат азырынча белгисиз.
Буга чейин балдардын тамагынын жарымы ата-эне, жарымы жергиликтүү бийликтин эсебинен каржыланып келген.