Кыргызстанда жыл башынан бери 16 миң жумушчу орду түзүлгөн

Кыргызстанда жыл башынан бери 16 миң жумушчу орду түзүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Ведомство жыл соңуна чейин 38 миң иш ордун түзүү милдетин алган.

 

Жумуш орундары “Социалдык келишим” программасынын алкагында, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда жана жеке ассистенттин кызматында түзүлгөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.