Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, алдыдагы күндөрү Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар массалары түшүшү мүмкүн.

 

Айдоочуларга унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.