Бишкек кайрадан абасы кир шаарлардын сап башында

Бишкек кайрадан абасы кир шаарлардын сап башында. World Air Quality уюму 19-январга карата индексин жарыялады.  Ага ылайык, абадагы зыяндуу заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жетти.

 

Бишкектин кийинки беш орунда Индиянын Мумбай, Бангладештин Дакка, Пакистандын Лахор шаары турат. Тизменин бешинчи сабына Өзбекстандын Ташкент шаары илинген.

 

Абанын сапатына жараша тизме улам өзгөрүп турат. Белгилеп кетсек, соңку бир нече күндөн бери биздин ордо калаа ыштан улам тизмеден түшпөй жатат.