Бишкектин дагы бир борбордук көчөсүндө коомдук транспорт үчүн тилке пайда болот. Транспорт департаментинен билдиришкендей, автобус үчүн атайын сызык Байтик Баатыр көчөсүнүн Масалиев – Кулатов тилкесинде жана Абдрахманов көчөсүнүн Кулатов – Жибек Жолу тилкесинде түшүрүлөт.
Тилке жыл аягына чейин киргизилет деп пландалууда.
Жаңычылдык үч сызыктуу көчөлөрдө гана пайда болот – экөөсү башка унаалар үчүн болсо, бири коомдук транспорт үчүн бөлүнөт, — деп белгилешти департаменттен.