Кыргызстанда жыл башынан бери  селден 5 миң 350 турак жай жабыркады

Кыргызстанда жыл башынан бери  селден 5 миң 350 турак жай жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Анын айтымында, 102 үй бузулуп, 138и капиталдык оңдоого муктаж.

 

Жалпысынан өлкө аймагында жыл башынан бери 331 сел кырсыгы катталган. Басымдуусу түштүк облустарына жана Ысык-Көл аймагына туура келет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.