Бишкекте жаңы ат майдан курулат

Бишкекте жаңы ат майдан курулат. Бул тууралуу Эл аралык көк бөрү ассоциациясынын төрагасы Курманкул Зулушев билдирди. Анын айтымында, ипподромго аэропорт тараптан 210 гектар жер бөлүндү.

 

Ат майдандын долбоору чийилип бүттү, ал 20 миң орундуу болот деп пландалууда. Жаңы ипподромдо аттарды багып, оюнга машыгып, улакчылар жана жумушчулар жашай турган шарттар түзүлөт.