Бүгүн Бишкектин Жениш конушунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин турак үйлөрдө, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.
Калк жана мекеме-уюмдар ичүүчү сууну эртелеп камдап алышы зарыл.