Кыргызстанда “Рулда” аталышындагы рейд жүрүүдө

Кыргызстанда “Рулда” аталышындагы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, иш-чара 19-июнга чейин уланат. Анын алкагында айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, ылдамдыкты ашыра айдагандарга жана мас абалында унаа башкаргандарга катуу чара көрүлөт.