Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Болгарияда өткөн рейтингдик эл аралык мелдеште алтын медаль утушту.
5-мартта финалдык беттеште Акжол Махмудов армениялык Малхас Амоянды, ал эми Жоламан Шаршенбеков польшалык Михал Трачты жеңди.
Бул 2023-жылы кыргыз балбандары катышкан ири мелдештердин алгачкысы.