Жалал-Абад облусунда жер титиреди.
Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-мартта саат 19:52 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жердин силкинүүсү Аксы районунун Кашка-Суу, Жаңы-Айыл айылдарында 3 балл, Кербен шаарында жана Ак-Там айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Такталган маалыматка караганда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.