Кыргызстандын футбол боюнча курамасы октябрда эки беттеш өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы октябрдагы беттештерге даярдыгын баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында кыргыз спортчулары 10-октябрда Катар менен беттешет. Ошондой эле 15-октябрда өз оюн талаасында Түндүк Кореянын курамасы менен ойнойт.

 

Бул беттештерди утурлай Максим Лисицындын жетекчилиги алдында курама команда 3-октябрдан тартып Сауд Арабиянын Жидда шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.

 

Даярдык аяктаган соң команда биринчи беттешке катышуу үчүн 8-октябрда Катарга сапар тартат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.