Денис Петрашов АКШда коло медаль багындырды

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов АКШда өткөн сууда сүзүү боюнча университеттер аралык мелдеште 3-орунду ээледи.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 100 метр аралыкты брасс түрү менен сүзүп, коло медалга татыды.

Турнир АКШнын ЖОЖдору арасындагы чоң мелдештердин бири.