Лионель Месси “Интер Майами” клубуна 75 млн доллар алып келди

Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси “Интер Майами” клубуна 75 миллион доллар алып келди.

 

Футболчунун америкалык командага өтүшү инвестиция тартууда. Кредиттик жана кыймылсыз мүлк рыногунда иштеген компания “Интер Майаминин” атайын үлүшүн сатып алган.

 

Клубдун жетекчилиги түшкөн акча команданы өнүктүрүүгө жана стадион курууга жумшаларын билдирди.