Кыргызстандык Амантур Жумаев бокс боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык Амантур Жумаев бокс боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду. Аталган спорт түрүнүн федерациясынан билдиришкендей, биринчилик Ереванда өттү. Жумаев Өзбекстан, Германия, Россия жана Польшадан келген атаандаштарын багындырды.

 

Ал эми финалда армениялык мушкерди жеңип, алтын медалга ээ болду.