Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 миллиард 370 миллион доллардан ашты. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, анын 4,5 миллиарды тышкы карыз, калган 1 миллиард 806 миллион доллар ички бересе.
Тышкы карыздын негизги бөлүгү — Кытайдын Эксимбанкы алдында.
Белгилеп кетсек, 2024-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 13 млрд 167 млн сом жумшалды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.