Кыргызстандын мектептери 10 баллдык баалоо системасына өтөт. Бул тууралуу “12 жылдык билим берүүгө өтүү концепциясында” айтылат. Документте көрсөтүлгөндөй, 1-2-класстарда окуучуларга баа коюлбайт. 3-класстан 12-класска чейин 1ден 10го чейинки баа коюлат.
Бул академиялык жетишкендиктерге байкоо жүргүзүүгө, билим берүүнүн кийинки этабында окууга даярдыктын деңгээлин аныктоого мүмкүнчүлүк берет деп күтүлүүдө.
Белгилеп кетсек, Кыргызстан 2024-2025-окуу жылынан тартып мектептерде 12 жылдык билим берүү системасын киргизүүнү көздөөдө.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.