Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен алтын сертификаттарга 54 бүтүрүүчү ээ болду.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жогорку упай топтой алгандардын басымдуусу Бишкектен – 39, төртөө Ош облусунан, экөө Чүйдөн жана Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Талас облустарынан бирден бүтүрүүчү алтын сертификат алды.
236 баллга теңелген эң жогорку көрсөткүчтү Ош шаарынын №4 мектебинин окуучусу Кызжибек Жээнбекова жана Бишкектеги №61 математикалык мектептин бүтүрүүчүсү Нурсейит Төрөбаев алышты.