Бишкек мектептеринде онлайн-окуу өзгөчө буйрукка чейин күчүндө калат

Бишкек мектептеринде онлайн-окуу өзгөчө буйрукка чейин күчүндө калат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.

 

Эске салсак, Бишкек ЖЭБиндеги абалдан улам шейшембиге чейин борбордун бардык мектепке чейинки жана муниципалдык билим берүү уюмдары онлайн-окутууга өткөрүлгөн.

 

Менчик мектептерде бөлмөдөгү жылуулук 18 градустан жогору болсо, анда окуу жайдын жетекчилиги өз алдынча чечим кабыл ала алат.