Мектеп окуучуларынын жазгы каникулдары кыскартылат

Мектеп окуучуларынын жазгы каникулдары кыскартылат.

 

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мартта окуучулар пландалган 10 күндүн ордуна, 5 эле күн эс алышат.

 

Муну менен жазгы каникулдар мектептерде 22-марттан 26-мартка чейин созулат. Ал эми сабактар кайра 27-мартта башталат. Бул катуу сууктун айынан кышкы эс алууну узартуу чечимине байланыштуу.