Кыргызстанга ташылган күйүүчү майдан акы алуу жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү. Документке ылайык, өлкөгө ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын литринен бир сомдон салыктык эмес жыйымдар алынат. Чогулган каражат жалпы колдонуудагы жолдорду оңдоого жана өнүктүрүүгө, жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталат.
Буга чейин Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, өлкөгө жылына 1 миллион 700 миң тоннадан ашык күйүүчү май ташылып келет жана анын ар бир литринен бир сомдон алынганда, Жол фондуна 1 миллиард 700 миллион сом түшөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.