Кызыл-Кыяда УКМКнын жаңы имараты ачылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнө курулган жаңы имаратты пайдаланууга тапшырды.

 

Имараттын ачылыш аземине УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы, атайын кызматтын ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, бир катар талаптарды эскертти.

 

Жаңы имаратта кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптар камсыз кылынган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.