Коррупцияны алдын алуу боюнча 2023-25-жылдарга карата стратегиялык иш-аракеттер планы иштелип чыкты

Коррупцияны алдын алуу боюнча 2023-25-жылдарга карата стратегиялык иш-аракеттер планы иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

 

Максаты — коммерциялык уюмдарда башкаруу процессинин айкындуулугун камсыз кылуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө, ишкерликти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү.

 

Бийлик мындай жол менен мамлекеттик органдарга калктын ишеним индексин жогорулатууну көздөп жатат.