Садыр Жапаров Москвага барды

Садыр Жапаров ЕАЭБдин мааракелик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Москва шаарына барганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

 

Ага ылайык, мамлекет башчыны «Внуково 2» эл аралык аэропортунан Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алган.
«8-майда Москвада ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлган күндөн тарта Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 10 жылдыгына арналган юбилейлик жыйыны болот. Эртеси, 9-майда, Жеңиш парады өтүп, Садыр Жапаров эки иш-чарага тең катышат», — деп айтылат маалыматта.