Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 12-августка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

 

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Андыктан, этият болуп, каналдарды, дренаждык системаларды жана арыктарды тазалоо сунушталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.