Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Силкинүү бүгүн, 30-августта таңкы саат 07:10до катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Аксы районунун Кум айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.