Мүлк салыгын төлөө мурдагыдан дагы жеңилдеди. Эми бул үчүн Салык кызматына жана банктарга баруунун кажети жок, — дешти Мамлекеттик салык кызматынан. Бул үчүн жаран жеке кабинетиндеги “салыктарды төлөө” бөлүмүнө кириши керек.
Андан кийин салыктын түрүн тандоо зарыл. Мүлк тууралуу толук маалымат жана QR-код пайда болот.
Аны каалаган мобилдик капчык аркылуу сканерлеп, төлөмдү жүргүзү мүмкүн.