Мейкинбек Абдалиевдин ордуна Арсланбек Эгембердиев депутат болду

Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынан бошогон депутаттык орун Арсланбек Эгембердиевге берилди. Ага төш белги менен күбөлүктү Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 19-августта тапшырды.

 

БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө түшкөн өз арызынын негизинде Мейкинбек Абдалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтомун 19-августта кабыл алган.

 

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы ишин баштагандан бери ондон ашык депутат мандатын тапшырды. Алардын айрымдары өз каалосуу менен мандатын тапшырса, айрымдарынын мандаты соттун чечими менен алынган.