Казань шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды

Казань шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктүн ачылышы президент Садыр Жапаровдун Татарстанга жумушчу сапарынын алкагында болду.

 

Эми Кыргызстандын жарандары мыйзамда белгиленген консулдук кызматтардын бардык түрлөрүн алуу үчүн Башкы консулдукка кайрыла алышат.