Акылбек Жапаров Монголиянын премьер-министри Оюун-Эрдэнэ менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолукту. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

 

Жапаров эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуусу мындан ары кеңейишине жана тереңдешине кызыкдар экенин билдирди. Ал ошондой эле Монголия, Кытай жана Кыргызстандын ортосунда автомобиль транспорту боюнча үч тараптуу макулдашууну түзүү жана Азия автомобиль жолдору боюнча эл аралык автотранспорт боюнча азыркы макулдашууга кошулуу өтө маанилүү экенин белгилеген.
Ал эми Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын буга чейин жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.