Месси Дүйнө чемпионатында жашаган бөлмө музейге айланат

Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси быйыл дүйнө чемпионатында жашаган бөлмө музейге айланат.

Бул тууралуу Дохадагы Катар университети билдирди.

Туристтер үчүн бөлмөнү Месси таштап кеткен боюнча калтыруу чечими кабыл алынган.

Анын каалгасында L. Messi деген жазуу жана Аргентинанын желеги орнотулган.

18-декабрдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Аргентина курама командасы Францияны утуп алган.

35 жаштагы Месси ушуну менен бешинчи жолу Дүйнө чемпионатына катышып, биринчи жолу дүйнө кубогун алды.