Дүйнөдөгү эң көп маяна алган аял спортчулар аталды

Теннисчи Наоми Осака дүйнөдөгү эң көп маяна алган спортчу айым аталды.

Forbes журналынын версиясы боюнча, япониялык үчүнчү жыл катары менен тизменин башында турат.

25 жаштагы теннисчи 51 миллион доллар киреше тапса, анын 50 миллиону спорттон тышкары болгон.

Тагыраагы, кирешени ага ишкердик ишмердүүлүгү алып келген.

Рейтингде экинчи орунда быйыл 41 миллион доллар киреше тапкан теннисчи Серена Уильямс турат.

Алдыңкы үчтүккө фристайлист Эйлин Гу да кирди.

Анын быйылкы кирешеси 20 миллион долларды түздү.