Мбаппе дүйнөдөгү эң кымбат футболчулардын сап башына чыкты

Франциянын жана «Пари Сен-Жермен» клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе дагы бир жолу дүйнөнүн эң кымбат футболчуларынын тизмесинин сап башына чыкты.

Баалоо Transfermarkt сайтында жеткиликтүү.

Футболчунун баасы 160тан 180 миллион еврого чейин өстү.

23 жаштагы чабуулчу 2022-жылдагы дүйнө чемпионатынан бери эң кымбат оюнчу болуп калды.

«Манчестер Ситинин» чабуулчусу Эрлинг Холанд экинчи орунга жылды.

Анын баасы 170 миллион еврону түзөт.

Үчилтикти бразилиялык чабуулчу Винисиус Жуниор жабат.

Футболчунун баасы 120 миллион еврого бааланууда.