Москвада кароосуз калган төрт ымыркай Кыргызстанга кайтарылды

Москва шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган 2 айдан 10 айга чейинки төрт ымыркай Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

 

Балдарды кайтаруу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган.

 

«Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана баланын абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоо маселелерин комплекстүү баалоо боюнча иштерди жүргүзөт», — деп айтылат маалыматта.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.