Мыйзамсыз миграция кооптуу жана чоң коркунучтарга кептейт

Мыйзамсыз миграция кооптуу жана чоң коркунучтарга кептейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги эскертет.

 

Мекеме тиешелүү документтери жок чек арадан өтүү юридикалык жана каржылык кесепеттерге алып келерин белгилейт.

 

Чет өлкөдө иштөөнү каалаган жарандар расмий мамлекеттик органдарга кайрылуусу керек. Көп каражат сунуштаган башка адамдар шылуундар болушу мүмкүн.