«Жалал-Абад» аэропортун коюу туман каптап, учактар коно албай жатат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Буга байланыштуу Бишкек—Жалал-Абад багыты боюнча учкан авиакаттамдардын бардыгы «Ош» эл аралык аэропортуна багытталууда.
«Жалал-Абад» аэропортунун иши жанданганда кошумча маалымат берилет.