Нарын облусунда жаңы мектептин курулушу аяктоодо

Нарын облусунда жаңы мектептин курулушу аяктоодо. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Омор уулу Кожоке атындагы билим берүү мекемеси Ак-Кудук айылында жайгашат.

 

Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Мектеп 2 кабаттан туруп, анда ашкана, спорт зал жана өтмөк галереясы каралган. Учурда иштердин 90 пайызы аяктап калды.