Ысык-Көлдүн пляждарына тосмолорду орнотууга тыюу салынды

Ысык-Көлдүн жээгине тосмолорду орнотууга тыюу салынды.

 

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусунун тургундарынын көл жээктерине тоскоолдуксуз кирүү жөнүндө бир жыл мурун чыгарган жарлыгына өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, Ысык-Көлдүн жээктерине адамдардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон тосмолор, тагыраагы дубал, торчо, темир торлор алынат жана аларды мындан ары курууга тыюу салынат.