Бир катар имараттарда бомба коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок

Бир катар мамлекеттик мекемелердин жана соода борборлорунун имараттарында бомба болгондугу тууралуу маалымат такталган жок.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Милицияга 19-октябрь күнү эртең менен Жогорку соттун, Ленин райондук сотунун, Октябрь райондук сотунун, Санариптик өнүгүү министрлигинин имараттарына жана Asia Mall жана «Айчүрөк» соода борборлоруна бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.

 

Кызматкерлер жана жарандар эвакуацияланып, имараттар курчоого алынып, тиешелүү кызматтар зарыл чараларды көрдү.

Бир күн мурун үч мектепте бомба бардыгы тууралуу маалымат түшүп, кийин жалган болуп чыккан.