Нарын шаарында электробустар бүгүн каттамга чыгат. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти. Калаанын РТС районуна 3, Москва аймагына 2 жаңы транспорт каттайт. Жол кире 10 сомду түзөт.
Электробустар 36 орундуу, кондиционери жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандусу бар.
Белгилеп кетсек, Нарын шаарын коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында каржы-кредиттик фонд аркылуу 7 жылга 4-8 пайыз менен 66 миллион сом насыя менен алынды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.