Окумуштуулар көрүүсү начар адамдар үчүн акылдуу көз айнек ойлоп табышты

Британиялык окумуштуулар көрүүсү начар адамдар үчүн акылдуу көз айнек ойлоп табышты. Аппарат спорттук беттештерди, ошондой эле түз берүүлөрдү жакшы сапатта көрүүгө мүмкүндүк берет.

 

Анын уникалдуулугу көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар объектти жеке муктаждыктарына ылайык башкара алышында. Мисалы, сүрөттү кичирейтип же алыстата алышат. Мындан тышкары, объектилер көз айнек аркылуу алда канча жаркыраган жана тунук көрүнөт.

 

Жогорку технологиялык ноу-хау учурда Париждеги Паралимпиададада күйөрмандар тарабынан биринчи жолу колдонулуп жатат.

 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсеби боюнча, азыр дүйнөдө көрүүсү начарлаган 2 миллиарддан ашык адам бар.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.