Түркия менен Сириядагы жер титирөөдө набыт болгондор 11 миңден ашты

Түркияда зилзалада өлгөндөрдүн саны 8574кө жетип, жарадарлар 49 миңден ашты.

Бул тууралуу «Азаттык» өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоганга таянып жазды.

Маалыматка ылайык, 6,5 миңге жакын имарат талкаланды.

Сирияда 2600дөн көбүрөөк киши набыт болгонун, 4 миңге жакыны жараат алганын бир канча эл аралык медиалар жазышкан.

Ошол эле учурда Сириядагы жоготуулар тууралуу так маалыматтарды алуу кыйын болуп жатканы белгиленүүдө.

Акыркы маалыматтарга ылайык, эки өлкөнү кошкондо кырсыкта өлгөндөр саны 11 миңден ашты.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта эки жолу катуу жер силкинген.

Күчү 7,5-7,8 баллга жеткен зилзалада бир канча шаар-кыштактар талкаланды.

Уранды астынан миңдеген киши куткарылды.

Алааматтан кийин Түркияга НАТОго, Евробиримдикке мүчө мамлекеттер жана башка ондогон өлкө куткаруу, тазалоо иштерине көмөк сунуштап, куткаруучуларды жөнөтүштү.

Алардын ичинде Кыргызстан да бар.

Сирияга да бир канча мамлекет жардамдашууда.