Стамбул 2023-жылы туристтер эң көп келген шаар деп табылды

Стамбул 2023-жылы туристтер эң көп келген шаар деп табылды. Стратегиялык изилдөөлөр менен алектенген британдык компаниянын маалыматы боюнча, Түркиянын шаары былтыр 20 миллиондон ашык туристти кабыл алган. Коноктордун санынын көбөйүшү АКШ менен Канаданын жарандары үчүн жеңилдетилген виза режими менен да байланыштуу.

 

Рейтингде экинчи орунду Британиянын борбору Лондон ээлеп, саякатчылардын саны 18 миллион 800 миң адамды түздү.

 

Үчүнчү орунда Дубай турат.